Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 30.10.2015 15:14

Быйыл 1846 майып адам санаторийлерде дарыланууга жолдомо алды

Turmush -  2015-жылдын 1-октябрына карата республика боюнча жалпы 558 майыптар коляскасы таратылып, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 1846 адам санатордук-курорттук дарыланууга жолдомо алды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын маалыматына караганда I, II, III топтогу майып адамдар «Көгүлтүр Ысык-Көл», «Жети-Өгүз», «Ыссык-Ата» санаторийлерине жана Өзгөн районундагы Мамакеев атындагы санаторийде дарыланууга жолдомо алышты.

Министрлик буга катар эле 2014-жылдан тарта майыптар коляскаларынын эксплуатациялык мөөнөтү 7 жылдан 5 жылга чейин кыскартылгандыгын кабарлады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×