Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баракелде, Дүйнө 30.10.2015 12:11

Японияда сасык тумоодон бир күндө айыктыра турган дары чыгарылды

Turmush -  Япониянын фармацевтик корпорациясы сасык тумоодон (грипп) бир күндө айыктыра турган дарыны сатыкка чыгара тургандыгы жарыялады. Бул тууралуу япониялык Nikkei гезити маалымдады.

Газетанын маалыматына караганда, дары клиникалык сыноодон ийгилктүү өтүп, өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөттү. Эксперименталдык колдонуунун экинчи этабы ноябрь айына пландалды. Анткени ушул мезгилде сасык тумоо менен ооругандарын саны кескин көбөйөт. Дарыны бир нече бейтапка берип көрүшөт.

Жаңы дарынын өзгөчөлүгү ал вирустардын көбөйүшү үчүн зарыл болгон ферменттерди алсыздандыруу жолу менен ооруну токтотот. Ошондуктан толук айыгуу үчүн дарыны бир гана күн ичүү жетиштүү.

Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлиги дарынын коопсуздугун жана эффективдүүлүгүн тастыктагандан кийин дарыны лицензиялоо процедурасын жүргүзөт. Жыйынтыгында жаңы дары 2018-жылы сатыла баштайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×