Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Нарын облусуКочкор району 30.10.2015 10:07

Кочкордо жыл башынан бери сарык оорусунун «А» түрү менен катталган бейтаптардын 84%ын 14 жашка чейинкилер түздү

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда ушул жылдын өткөн 9 ай аралыгында сарык оорусунун «А» түрү менен ооруган 19 бейтап катталса алардын 84%ы 14 жашка чейинки балдар. Мындай маалыматты Turmush басылмасынын кабарчысына Кочкор райондук санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Сарык оорусунун «А» түрү менен 2014-жылдын 9 айында 56 учур катталып, анын ичинен 45и 14 жашка чейинки балдар экендиги аныкталган.

Элдүү пункттар боюнча алганда Кочкор айылында 5, Дөң-Алыш айылында 6, Кум-Дөбө, Эпкин, Кара Мойнокто 2ден, Теңдик ,Чолпон айылдарында 1ден учур катталды.

Ал эми сарык оорусу катталган мектептерде, бала бакчаларда тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×