Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баракелде, Бишкек 30.10.2015 09:57

Бишкекте тез жардам кызматына 12 автоунаа тапшырылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 30-октябрда Бишкекте тез жардам кызматына 12 автоунаа тапшыруу салтанаты өттү. Жаңы автолор зарыл болгон дарылоо-диагностикалык жабдыктар менен камсыздалган.

Мэриядан билдиришкендей, учурда шаардык тез жардам станциясынын балансында 36 автоунаа бар болчу, эми 103 кызматынын автопаркында 48 унаа болду.

Жаңы тапшырылган унаалар Балдардын реаниматологиясынын, акушер-гинекологиялык, кардиологиялык, инсульттук адистештирилген бригадаларга бөлүштүрүлөт.

Унааларды Бишкек мэриясынын саламаттыкты сактоо департаменти сатып алды. Унаалардын маркасы Golden dragon (япониялык Toyota'нын аналогу).

12 унааны сатып алуунун жалпы баасы 15,2 млн сомду түздү.

1591.f70e92910d11a4f42fd33559bd85ac85.700

1592.59776c450f6bb0bdcdc8546544a3a309.700

1593.0c1250d7c517b907cef8a3f4dd19aa68.700

1594.82f8f7ee8c80410a235e71bfe08fc059.700

1595.c912dabec44ddcaad8e86fa73454c318.700

1597.cfc6da9aa0afbb6ac3f74836de258470.700

1598.841c52ea969cb862d5cc09635a0fd733.700

1596.a99ecb80abd3467ebaea0cf84a2b1697.700

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×