Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 29.10.2015 14:21

Түп районунун Долон айылындагы ФАПка таза суу киргизилди

Turmush -  Түп районунун Долон айылындагы ФАПка таза суу киргизилди. Бул тууралуу Долон айылынан маалымдашты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Алардын маалыматында, Арал айыл аймагынын Долон айылында жайгашкан ФАПка таза суу киргизилди. Түп райондук суу пайдалануучулар ассоциациясынын төрагасы  К.Сыдыкбеков, «Тынчтык корпусунун» ыктыярчысы Стефани Володкин, Долон орто мектебинин англис тили боюнча окутуучусу Кеңешбек кызы Наргиза АКШнын «Америкада суу менен камсыз кылуу» коомуна долбоор жазышкан. Алардын долбоору өтүп, 73 миң сом утуп алышкан.

Арал айыл өкмөтү да 15 миң сом кошумча каражат бөлүп, ФАПка таза суу киргизилди.

Ал эми суу киргизүү үчүн жогорудагы долбоорду интернеттен издеп таап берген Долон айылдык мектебинде англис тилинен сабак берип жүргөн «Тынчтык корпусу» уюмунун ыктыярчысы Стефани Володкинге айыл калкы ыраазычылык билдиришет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×