Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Нарын облусуКочкор району 29.10.2015 12:37

Кочкордо мите курт оорусунун алдын алуу иштеринин натыйжасында бул илдет өткөн жылга салыштырмалуу 83 учурга азайды

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда мите курт оорусунун алдын алуу максатында 1-4-класстын окуучуларына альбендазол таблеткалары бекер берилди. Мындай маалыматты Ү.Жапаров атындагы Кочкор райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан Turmush басылмасынын кабарчысына билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, аталган борбор тарабынан Кочкор районундагы 1-4-класска чейинки 5 миң 490 балага мамлекет тарабынан акысыз дары каражат таратылып бүттү.

Ошонун жыйынтыгы менен район боюнча мите курт оорусу менен ооругандардын саны кескин түрдө азайууда. Мисалга алсак аскарида оорусу менен ооругандардын саны 12ге, чүчөк оорусу 70ге, эхинококкоз менен ооругандардын саны 1 ге кыскарды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×