Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 29.10.2015 11:24

Алай жана Чоң-Алай районундагы балдар мите куртка каршы дарыланды

Turmush -  Ош облусунун Алай районундагы мектептердеги окуучуларга мите куртка каршы дарылар берилип, дил баяндар жазылууда. Бул тууралуу Парманас атындагы орто мектептин директору Жантөрө Абытов Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Ошондой эле Чоң-Алай районундагы башталгыч класстын окуучуларына мите куртка каршы дары берилүүдө. Аталган райондун санэпид көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Мирлан Калыбековдун айтымында, мите куртка каршы дарылар ар бир мектепте  берилүүдө.

«Биздин райондо башталгыч класста окуган 2139 окуучу бар. 2 күндөн бери окуучуларга мите куртка каршы дарыларды берип жатабыз.  Мээрман айымдар ар бир мектепке бөлүнгөн. Бизге жетиштүү дары-дармек келип түшкөн», - деди М.Калыбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×