Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баракелде, Дүйнө 29.10.2015 09:59

Акыркы 25 жылда кургак учуктан каза болгондордун саны эки эсе азайды

Turmush -  Кургак учук оорусунун кесепетинен каза болгондордун саны 1990-жылдан тарта дээрлик 2 эсеге кыскарды. Бирок бул ийгиликке карабай бул оорудан дагы эле күн сайын 4400 адам каза табат. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жаңы докладында маалымдалды.

«Кургак учук менен күрөшүү боюнча чаралар бейтаптардын өмүрүн сактоодо жакшы жыйынтыктарды берди», - деп билдирди Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Чаргарет Чань. Анын айтымында, бул эпидемияны жок кылуу үчүн иликтөөлөргө инвеситиция салууну көбөйтүү керек.

Докладда оору менен күрөшүүдөгү алгылыктуу прогресс 2000-жылдан кийин башталгандыгы айтылат. 2000-жылдан 2015-жылга чейинки аралыкта заманбап диагностика жана дарылоо менен 43 млн адамдын өмүрү куткарылды.

Бирок мындай ийгиликтерге карабастан, кургак учук олуттуу коркунуч бойдон калууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×