Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусу, Талас 28.10.2015 18:23

Таласта канга муктаж бейтаптарга жардам берүү максатында кан тапшыруу акциясы өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 28-октябрда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер практикалык борборунда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн буйругунун негизинде кан тапшыруу акциясы өттү. Бул тууралуу аталган райондун акиминин орун басары Молдалы Табалдиев Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Маалым болгондой, кан тапшырууга келген айыл тургундары алгач каттоодон, дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөндөн кийин гана кан тапшырууга уруксат берилип жатты.

«Өтүп жаткан акциянын максаты—облус аймагындагы баардык ооруканаларда дарыланып жаткан канга муктаж жарандарга жардам берүү», - деди М.Табалдиев.

Талас облустук кан тапшыруу борборунун директору Айчүрөк Сүйүналиева билдиргендей, акцияга 16 жаштан 60 жашка чейинки 100дөн ашык адам катышты.

«Акцияга кош бойлуу жана ооруга чалдыккан жарандар катыша албайт. Кан тапшыруудан 2 күн мурун суюк тамактарды көбүрөк ичип келсе донорлорго жеңил болот», - деп кошумчалады А.Сүйүналиева.

Мындай иш-чара бүгүн Бакай-Ата районунун башка айылдарында дагы өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×