Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баракелде, Бишкек 28.10.2015 11:40

ССМ өкүлдөрү жана чет өлкөлүк адистер абактарда кургак учукту дарылоо тажрыйбасы менен таанышты (фото)

Turmush -  «Пенитенциардык системада ден-соолукту сактоо» эл аралык конференциясынын катышуучулары №2 жана №31 түзөтүү абактарында болушту, деп билдирди бүгүн, 28-октябрда ЖАМКтын басма сөз кызматы.

Адистер «Таза зонанын» иши, түзөтүү абактарында кургак учукту дарылоо тажрыйбасы, баңгизатка көз карандылыктын алдын алуу жана дарылоого багытталган «Атлантис» программасы менен таанышты.

Конференцияга ЖАМКтын төрагасынын орун басары Алик Каримбеков, ЖАМКтын медико-санитардык камсыздоону уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Акылбек Асанов, КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле 27 өлкөдөн - Улуу Британиядан, АКШ, Австралия, Германия, Франция, Австрия, Швейцария жана башка өлкөлөрдөн 80ден ашык адистер катышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×