Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуНоокат району 27.10.2015 17:12

Ноокат шаарында 1-жолу ачылган жеке менчик гинекологиялык борбордо медициналык 7 кызматкер жумуш менен камсыз болду

Turmush -  Кечээ, 26-октябрда Ош облусуна караштуу Ноокат шаарынын борборуна жеке менчиктеги "Жармат Примбердиев" атындагы гинекологиялык клиника ачылды. Мындай маалыматты аталган клиниканын ээси Жармат Примбердиев билдирди.

Маалыматка ылайык, клиниканын ачылыш аземине Ноокат районунунун акиминин орун басары Мамадали Дүйшеев, райондук аймактык оорукананын башкы дарыгери Асамидин Марипов жана райондук мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Гинекологиялык клиника бардык талаптарга ылайык салынган. Жалпысынан 9 бөлмөлүү болуп, ысык суусунан тарта ички эмеректери жана медициналык аппараттары жаңы алынып келинген.

Бул килиника амбулаториялык системада иштегендиктен бейтаптар жатып дарыланганга болбойт. Аталган медициналык мекемеде 7 кызматкер иш алып барат.
Бул Ноокат районунда ачылган 1-жеке менчик дарылоочу жай.

«Клиниканын ачылышынын башкы максаты—гинекологиялык оорулардын алдын алуу жана ар кандай илдеттен жабырланган айымдарга жардам көрсөтүү. Мындан мурда аймактык оорукана гинекологиялык жактан ооругандандын оор абалдагыларын гана кабыл кылып келген. Анткени бардык гинекологиялык оору менен ооруган адамдарды кабыл алууга шарт жок болгон. Ошондуктан биз жеке менчиктеги гинекологиялык клиника ачтык. Эми бул жердин кызматкерлери аймактагы бул багытта ооруган жарандардын барын көзөмөлгө алат», - деди Ж.Пиримбердиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×