Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 27.10.2015 16:54

28-29-октябрда Кадамжай району боюнча дегельминтизациялоо жүрөт

Turmush -  28-29-октябрь күндөрү Баткен облусуна караштуу Кадамжай району боюнча дегельминтизациялоо жүрөт. Бул тууралуу Кадамжай райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдалды.

Маалыматка ылайык, дегельминтизациялоо иштеринин жүрүшүндө 1-4 класстардагы мектеп окуучуларына мите курт ооруларына каршы акысыз дары каржаттар берилет.

Бул иш-чара район аймагы боюнча толук 100% жүргүзүлүп, Кадамжай районунда мите курт ооруларынын алдын алуу максатында мөмө-жемиштерди таза жууп колдонууну сунушташат дарыгерлер.

Ошондой эле тамактанар алдында, ажатканадан чыкканда, сырттан үйгө келгенде колду самындап жууш керек экендигин иш-чаранын катышуучуларына түшүндүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×