Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 27.10.2015 16:35

Ош шаарындагы «Амир-Тимур» аймактык кеңешинде бейтапкана ачылды

Turmush -  Ош шаарындагы №9 «Амир-Тимур» аймактык кеңешинде бейтапкананын ачылыш аземи болуп, ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык мекемелердин жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэр А.Кадырбаевдин айтымында, аталган кичи райондо 60 миң адам жашаганы менен ал жакта бейтапкана болгон эмес.

«Элдин жашоосуна жакшы шарттарды түзүү үчүн районго бейтапкана, бала бакча салынып, жолдор оңдолууда. Курулуштун жалпы сметалык суммасы 9 млн 410 миң сомду түзөт. Бейтапкана керектүү жабдыктар менен камсыздалды», - деп билдирди мэр.

Ошондой эле, А.Кадырбаев билдиргендей, быйылкы жылы Ош шаарында курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.

«Шаар күнүнө карата мындан башка дагы 1 бейтапкананын ачылыш аземи күтүлүүдө жана андан башка дагы бир нече социалдык объектер, 5 бала бакча, 3 мектеп, спорт жана балдар аянтчалары курулууда. Ал эми эскадалык көпүрөнүн ачылуу аземи 28-октябрда болот. Татыктуу шарттарды түзүп берүү биздин негизги ишибиз», - деди А.Кадырбаев.

Курулуш иштерине АРИС программасы аркылуу 6 млн 441 миң сом жана жергиликтүү бюджеттен 2 млн 968 миң сом каралып, жалпысынан 9 млн 410 миң сом каражат сарпталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×