Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 26.10.2015 17:34

Ысык-Көл, Тоң райондорунун ооруканаларынын имараттары оңдоп-түзөөгө муктаж

Turmush -  Ысык-Көл районунун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты начар абалда. Бул тууралуу облустун өткөн айлар боюнча жыйынтыгында маалымдалды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалыматка ылайык, район курорттук зона болгондуктан туристтер жана эс алуучулар үчүн дүйнөлүк стандарттарга туура келүүчү заманбап аспаптар менен жабдылган оорукана түзүү  керек.

Аны менен катар, Тоң районунда үй-бүлөлүк медицина борборунун типтүү имараты жок. Бул борбор азыркы учурда 30 жыл мурун салынган эски жыгач имаратта жайгашкан.

Ошондой эле облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун базасында заманбап аспаптар (рентген, флюроаппараттар) менен жабдылган лабороториялык-диагностикалык бөлүм ачуу зарылчылыгы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×