Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

«Жеңеке»: 20 жаштагы Айжан жолдошу менен цивилизациядан алыс аймакта жашаганы менен абдан бактылуу (фото)

Turmush -  Аялзаты — эң ыйык эне, сүйүктүү жар, барынан кымбат кыз, сүйкүмдүү келин, күйүмдүү эже, сиңди жана карындаш. Алар жашоодогу эң чоң байлык. Мындай сыймыктуу атка жеңекелер дагы татыктуу.

Turmush басылмасы «Жеңеке» долбоору аркылуу Кыргызстандын алыскы жана жакынкы аймактарындагы аялзатынын үй-бүлөсүнө, балдарына, туугандарына болгон камкордугу тууралуу баяндап, алардын турмуштун түйшүгүнө баш ийбеген эркин даңазалоону көздөйт.

«Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун жашоочусу Айжан Байболот кызы быйыл 20 жашка толот. Бир жыл мурун өзүнүн жакшы көргөн адамы Сапарбекке турмушка чыккан.

Айжан өзү Жети-Өгүз районунун Дархан айылында туулган. Мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин сүйүктүүсүн жолуктурганын кошумчалады.

Айжандын айтымында, өзүнөн 12 жашка улуу жолдошу анын жашоосундагы эң негизги адам. Бардык маселелерди алар чогуу чечишет, кубанычтары менен тең бөлүшөт, конокторго чогуу барышат, келечекке болгон үй-бүлөлүк пландарды бирге түзүшөт.

2015-жылдын май айында өздөрүнүн ишин өнүктүрүү жана малдын санын көбөйтүү үчүн Айжан менен Сапарбек Жети-Өгүз районунун сырт аймагына көчүп кетишкен. Алар жашаган Оттук аймагы райондун борборунан 200 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Ал жакта интернет, электр энергия, уюлдук байланыш дагы жок. Контейнер жана вагон турак үй катары жасалгаланган.

«Жолдошум экөөбүз дал ушул жерде жашоону чечтик. Менин жолдошум мергенчи. Мен дайыма үйдөмүн, тамак жасайм, нан бышырам, кир жууйм жана үй жыйнайм. Бизде электр энергия жок болгондуктан тамакты от жагып, казанга бышырам. Бул жакка көмүр алып келүү аябай оор. Анткени жолдун абалы жакшы эмес. Башында көчүп келгенде 10 күндөй көнө албай жүрдүм. Андан кийин бардыгы өз орду менен болуп, көнүп кеттим», - дейт Айжан.

Күн сайын Сапарбек ат менен чыгып, мыйзамсыз мергенчилер же жырткыч айбандар айлана-чөйрөгө зыян келтирбегендигин карап чыгат.

Электр энергиясы жок болгондуктан, алар күн батареяларын колдонушат. Жаш үй-бүлө сыналгыны генератордун жардамы менен көрөт.

Айжан менен Сапарбек ата-эне болуп, балдарга татыктуу тарбия берүүнү, малдын санын көбөйтүүнү пландашат.

Цивилизация агымы жете элек болсо дагы кооздугу менен өзгөчөлөнгөн аймактагы жаратылыштын койнунда жашоо жаш үй-бүлөгө абдан жагат жана алар өздөрүн бактылуу сезишет.

Урматтуу окурман, Сиз жашаган аймактагы үлгүлүү келиндер, кадыр-барктуу жеңелер тууралуу айткыңыз келсе aimak.akipress@gmail.com электрондук дареги жана (0554) 65 60 25 номуру аркылуу Whats App менен байланышыңыз.

Каармандын:

- Аты-жөнү, жашы, жашаган жери толугу менен;

- үй-бүлөсү, балдары тууралуу;

- алектенген жумушу;

- каармандын үй-бүлөсү, балдары менен, жумуш учурунда тартылган сүрөттөрү (сөзсүз түрдө);

- сунушталган каармандын татыктуу деп эсептелген сапаттары тууралуу жазыңыз.

- ошондой эле каармандын көпчүлүк билген таланттары тууралуу (ырдоо, музыкалык аспаптарда ойноо, кол өнөрчүлүк, уз-чеберчилик ж.б.) кошумчаласаңыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11146
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу