Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 19.10.2015 10:31

Өзгөн районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп А.Абдукаримов дайындалды

Turmush -  Өзгөн районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп Абдулхамид Абдукаримов дайындалды. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясынан билдиришти.

Кабарчыга маалым болгондой, Өзгөн районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы шаар мэриясынын сунушу менен дайындалды. Жаңы бөлүм башчы менен шаар мэри Надирбек Каримов тааныштырып, иш-чарага шаардагы мектеп директорлору катышты.

Билим берүү бөлүмүнүн мурунку башчысы Илхом Абдулкасимов 3 ай мурун өз каалоосу менен ээлеген кызматынан кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×