Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 06.10.2015 09:19

Айыл турмушу: Кара-суулук үй-бүлөнүн кыздардын себине даярдаган эмгектери (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылынын тургуну Турдайым Бакалбаева 3 жылдан бери кыздары менен бисер мончокторду түшүрүп төшөк жасоо менен киреше табат.

«Бала чагымдан бери эле сүрөт тартууга кызыгып келем. Учурдагы эмгектеримдин көпчүлүгүндө кыргыздын жашоосун чагылдырам. Ар кандай тоодо өскөн гүлдөрдү кездемеге түшүрүп, кыздарга сеп даярдайм. Ага кыздарым жардам берет. Жашым бир топко барып калгандыктан майда мончокторду көрө албай калдым. Мен сүрөттөрүн түшүрүп берем, кыздарым бисер менен кооздоп чыгышат», - деди Т.Бакалбаева.

Уз-чебердин кызы Нурзат Асылбек кызынын айтымында, бир эмгекти даярдоого 3-4 күн убакыт кетет. Бул тажатма иш эмес, тескерисинче эргүү алам, деди ал.

«Мен бул иштерден эргүү алам. Бири экинчисинен кооз. Кызыгуумдун артынан жакында той көйнөктөрүн жасоону пландап жатам. Азыр балдардын костюмдарын тигип баштадым. Негизинен биздин иш майда болгондуктан көп убакытты талап кылат. Түйшүгү да ошого жараша болот», - деди Н.Асылбек кызы

Кол өнөрчүнүн эмгектерин тааныштары базарга жеткирбей алып кетет. Буюртмалары жылдан-жылга көбөйүп  келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×