Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 30.09.2015 17:34

Кадамжай районунда маданият үйлөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө (фото)

Turmush -  Кадамжай районундагы Масалиев жана Кыргыз-Кыштак айыл өкмөттөрүнүн маданият үйлөрү оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу Кадамжай райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Асилбек Тажибаев билдирди.

Анын айтымында, район аймагындагы маданият үйлөрү толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бүгүнкү күндө Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн маданият үйүнө мамлекет тарабынан 2 млн 798 миң сом сарпталууда. Ал эми Масалиев айыл өкмөтүнүн маданият үйүнө 2 млн 367 миң сом бөлүнгөн.

Бул курулуштар айылдык маданият сарайларынын деңгээлин көтөрүү жана заман талабына ылайыкташтыруу максатында ишке ашырылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×