Turmush —
Талас шаарынын тургуну Жаныбек Тургунбеков өзүнүн чарбасында сүт багытындагы эчкилерди жана бөдөнөлөрдү багат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, жүзгө жакын бөдөнө багып, жылына 110 миң сом киреше алат.
«Бул тапкан каражатка балдарымды жана неберелеримди жогорку окуу жайлардан окутуп, аларга үй салып берем. Бөдөнөнүн жумурткасы кан басымды туруктуу кармап, кант диабети жана астма оорусуна каршы дары болот. Жаш балдардын эске тутуусуна, көрүүсүнө жана нерв системасынын чыңдалышына чон пайда тийгизет», - деди ал.
Мындан улам Ж.Тургунбеков облустагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу үчүн көп каражат талап кылбаган бөдөнөлөрдү үй шартында багууну сунуштап келет.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.