Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 22.09.2015 13:17

Өзгөндүн Кара-Шоро жаратылыш паркындагы 5 гектар кайрак жерге бак-дарактар отургузулду

Turmush -  Өзгөн районунун Кара-Шоро мамлекеттик жаратылыш паркында эгилген 1600 көчөттүн ичинен 84%ы өндү. Бул тууралуу аталган парктын башчысы Болот Жээнбеков аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, бардык көчөттөр туристтер баруучу дары суунун айланасына отургузулган.

«Биз быйылкы жылы кайрак турган 5 гектар жерге 500 түп алма, 500 түп ит мурун, 400 түп кайың, 200 түп карагай эккенбиз. Учурда анын 84%ы өнүп, 16%ы куурап калды. Бул көчөттөр 5 жыл бою биздин көзөмөлдө турат. Көчөттөрдүн бою 2 метрге жеткенде гана кайтарбай калабыз», - деди Б.Жээнбеков.

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×