Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.09.2015 09:27

Жети-Өгүздүн Светлая Поляна айылында жаңы мектеп жакынкы айларда пайдаланууга берилет (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылындагы жаңы мектеп жакынкы айларда пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болду.

Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айыл аймагында 320 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында. Учурда мектептин ички жасалгалоо жумуштары бүтүп, жылуулук тутумунун жана дааратканасынын курулушу жүргүзүлүүдө.

Айылдык мектептин курулушуна Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 40 млн 265 миң 400 сом бөлүнгөн. Мектепти куруп жаткан биринчи фирма менен каржылоо маселесинде талаш-тартыштар жаралып, курулуш иши токтоп калган. Учурда башка курулуш фирмасы тарабынан улантылууда. Ал мектептин бүтпөй калган жерлерин жасап, 12 млн сомдук жумуш аткарууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×