Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 19.09.2015 09:25

Ош шаарында шайлоого карата коомдук коопсуздукту сактоого катышуучу элдик кошуундун мүчөлөрү 650дөн ашты (фото)

Turmush -  ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгы шайлоонун жүрүшүндө коомдук коопсуздукту сактоого карата иш-чараларды жүргүзүүдө.

Планга ылайык, коомдук тартипти көзөмөлдөөгө Ош шаардык милициясынын жеке курамы толугу менен жана элдик кошуундар тартылат, деп билдирди башкармалыктын басма сөз кызматы.

Бүгүнкү күнгө карата Ош ШИИБге жардамчы катары чогулган элдик кошуундун мүчөлөрү 650 адамга жетти.

Учурда тиешелүү коопсуздукту сактоочуларга алардын милдеттери, укуктары, жарандар менен иш алып баруусу тууралуу кеңири түшүндүрүүлөр жүрүүдө.

Көчөлөрдү, коомдук жайларды кайтарууга алган милиция кызматкерлери менен бирдикте элдик кошуундардын 1500гө жакын өкүлү тартылат, деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×