Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Талас

Айыл турмушу: Бакай-Атадагы саяпкер К.Өзүбеков таза кандуу тайгандарды багып, жаштарга жаа атууну үйрөтүүдө (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын тургуну Куттубек Өзүбеков саяпкерлик жана мүнүшкөрлүк өнөрдү аркалап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда таза кандуу тайгандарды багып, салбурунга катышып келет. Мектепте окуп жүргөн кезинде айыл аксакалдарынан жана күлүк таптаган саяпкерлерден үлгү алып, күлүк ат чаап баштаган. Кийинчерээк өзү күлүк тай сатып алып, аны тапка келтирип, ошондон бери облуска таанымал саяпкер аталды. Кара кулак деген тайганы Кыргызстан боюнча өткөрүлгөн салбурунда күлүктүгү жактан 4 жолу 1-орунду ээлеген.

«Учурда накта кыргыз тукумундагы күчүк тайгандарды багып, көбөйтүп жатам», - деди ал.

Мындан сырткары, ал унутта калып бара жаткан жаа атуу өнөрүн да элге алып чыгып, жаштарга үйрөтүп келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 16329
Көп окулду
×