Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 16.09.2015 10:57

Оштогу Алмалык айылынын тургундары 10 тонна сууну 1500 сомго сатып алып, тиричиликке колдонот

Turmush -  Ош шаарындагы Алмалык айылынын тургундары таза сууну атайын буюртма менен сатып алууда. Айрымдары сууну алыс аймактан жеке унаалары менен ташып келет.

Айылдын тургуну А.Өмүралиев Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ай сайын 10 тонна сууну 1500 сомго сатып алат. Ал сууну короосундагы кудукка толтуруп коет. Кудуктагы сууну бир ай бою тиричиликке колдонуп, мал-жандыктарына берет.

Айылдыктардын айтымында, СССР кезинде айылдагы көчөлөргө суу чыгуучу чорголор орнотулган. Бирок алардын жарактан чыгышы менен оңдоо иштери жүргүзүлбөй, акырында суу чыкпай калган.

Маалыматка ылайык, бул айылга келүүчү таза суу Ноокат районунан тартылган. Андан тышкары айылга бара турган ички жолдун абалы да өтө жаман.
«Негизги жолдун узундугу 2 чакырымга жакын. Ал 24 жылдан бери оңдолгон эмес», - дешет айылдыктар.

Фото - Ош шаарындагы Алмалык айылында жер көчкү түшүп, 15 үй-бүлө убактылуу жайга көчүрүлдү

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×