Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 16.09.2015 08:40

Фото - Ош шаарындагы Алмалык айылында жер көчкү түшүп, 15 үй-бүлө убактылуу жайга көчүрүлдү

Turmush -  Ош шаарындагы Алмалык айылында 13-сентябрда саат 21:00 чамасында жер көчкү түшүп, турак үйлөрдү басып калуу коркунучу пайда болгон. Жер көчкү түшкөн аймакта 22 турак жай жайгашкан.

Кечээ, 15-сентябрда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Ош шаарынын вице-мэри Жапар Ормонов жетектеген тиешелүү жетекчилер жана адистер Алмалык айылына барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту, деп маалымдайт ӨКМ.

Чатырларга убактылуу көчүрүлгөн жашоочулар Ош шаарынын жарандык коргонуусунун коммуналдык-техникалык кызматы тарабынан таза суу менен камсыздалды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана мониторинг департаментинин адистеринин жана Ош шаарынын жарандык коргонуу боюнча комиссиясынын 15-сентябрда кайрадан өткөргөн текшерүүлөрүнүн натыйжасында, тоонун сол капталында жаңыдан жаракалар пайда болуп, көзөмөлдө турган 12 турак жайларга (анын ичинен 2 турак жай барак тибинде курулуп, 4 үй-бүлө жашайт), ошондой эле дагы 1 турак жайга, жалпысы 13 турак жайда жашаган 15 үй-бүлөгө, 10 электр жарыгын берүүчү мамычаларга жана ички автоунаа жолуна кооптуу абал жаралгандыгы аныкталган.

Кооптуу аймакта жашаган айыл тургундарына түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, 13 турак жайда жашаган 15 үй-бүлө туугандарынын жана кошуналарынын үйлөрүнө убактылуу көчүрүлдү.

ӨКМ тарабынан 10 орундуу 10 даана чатыр бөлүнүп, ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 16 куткаруучу бөлүнгөн чытырларды орнотуп беришкен.

Жергиликтүү бийлик тарабынан жер көчкүсү коркунучу бар кооптуу аймакта жайгашкан турак үйлөрдүн жашоочуларына коопсуз жерден жер тилкелерин бөлүп берүү жана мамлекет тарабынан узак мөөнөткө берилүүчү ссуда алуучулардын тизмесине киргизүү сунушталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×