Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.09.2015 14:54

Ысык-Көлдө кыргыз спортунун 90 жылдыгына карата уюштурулган VII «Манасиада» башталды (фото)

Turmush -  Ысык-Көлдө бүгүн, 15-сентябрда кыргыз спортунун 90 жылдыгына карата уюштурулган VII «Манасиада» башталды, деп кабарлайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чарага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басарлары, шаар бийлигинин өкүлдөрү, спорт чеберлери катышты. Жалпысынан 1000ге жакын спорт чеберлери жөө жүрүштөн өтүштү.

«Спорттун 15 түрү боюнча өткөрүлгөн мелдеш 19-сентябрда аяктап, жеңүүчүлөргө кубок, медалдар ыйгарылат», - дейт уюштуруу тобунун мүчөсү Болотбек Албаев.

Машыктыруучу Сагын Жумабаев белгилегендей, мелдешке Жети-Өгүз районунан да бир катар спорт чеберлери катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×