Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.09.2015 15:09

Жети-Өгүздүн Боз-Бешик айылындагы мектептин оңдоп-түзөө иштери аяктап, ушул айда пайдаланууга берилет (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Боз-Бешик айылындагы орто мектеп толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жакынкы убактарда колдонууга берилет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Жайнак Желденбаев атындагы орто мектептин директору Н.Алакеева билдирди.

Боз-Бешик айылындагы аталган орто мектеп 1985-жылы курулган. Ага оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөнү менен эскилиги жеткен мектептин үстүнөн тамчы агып келген. Быйыл Германиянын эл аралык кызматташуу коому тарабынан колдоо болуп, долбоордун негизинде 2 млн 895 миң 365 сом бөлүнгөн.

Ошондой эле, Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү фондунан да 150 миң сом берилген. Аны менен катар, айыл аймак башчылыгы жана коомчулуктан 208 миң 900 сом топтолгон.

«Айыл демилгеси» коомдук бирикмесинин мүчөсү Өмүрбек Молдакматов билдиргендей, учурда «Балдарга жаркын келечек» долбоорунун алкагында бекер семинарлар өтүүдө. Анын айтымында, демилгелүү топ жергиликтүү маселелерди аныктоо жана чечүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жана инвестиция тартуу максатында иш алып барат.

Белгилей кетсек, мектептин ачылышы 25-сентябрга пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×