Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ош облусу, Ош 25.08.2015 09:53

Фоторепортаж - Оштогу эски автобекет жаңы бекетке көчүрүлүп, коомдук тартипти милиция көзөмөлдөөдө

Turmush -  Бүгүн, 25-августта таңкы саат 6дан тартып Ош шаарында шаарлар, райондор жана облустар аралык жүргүнчүлөрдү тейлөө шаардын түндүк тарабында жайгашкан №2 мамлекеттик автобекет тарабынан жүргүзүлүүдө.

Шаар ичиндеги авто тыгындарды жөнгө салуу, ага байланышкан маселелерди чечүү максатында эски автобекет көчүрүлүүдө. Жүргүнчүлөрдү ташууну үзгүлтүккө учуратпоо жана сапаттуу, маданияттуу тейлөө багытында иш-аракеттер жасалып, каттамдардын схемалары такталган. Учурда №2 мамлекеттик автобекет өз жүргүнчүлөрүн тейлөөгө даяр.

Turmush басылмасынын кабарчысынын айтымында, автобекеттин жаңы автобекетке көчүүсүнө жүргүнчүлөр жана айрым айдоочулар нааразы болууда. Ал эми шаардык мэриядан автобекетти көчүрүүнүн биринчи күнү болгондуктан бир аз кемчиликтер болушу мүмкүн экендигинин билдиришти. Учурда коомдук тартипти милиция көзөмөлдөөдө.

Буга чейин да маалымдалгандай, шаардын чок ортосунда жайгашкан эски автобекетти шаардын сыртына, мамлекеттик автобекетке жылдыруу чарасы буга чейин 8 ирет көрүлгөн менен жыйынтык чыккан эмес. Азыркы жаңы №2 жаңы автобекеттин жалпы аянты 4 гектар жерди ээлейт. Жаңы автобекетке жалпысынан 1500 кичи автобус, 4 миңден ашык жеңил унаа батат. Аталган автобекетте бир эле мезгилде 500 жүргүнчүнү тейлөө мүмкүнчүлүгү бар.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×