Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусу 15.08.2015 14:21

Айыл турмушу: Кара-бууралык дыйкан 2 гектарга төө буурчак эгип, 2 тонна түшүм алууну пландоодо (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылынын тургуну Замирбек Шайдылдаев 2000-жылдан бери төө буурчак эгип келет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

З.Шайдылдаевдин айтымында, быйыл ал 2 гектарга төө буурчактын «лопатка» сортун эгип, 2 тоннадан түшүм алууну пландоодо.

«Орточо эсеп менен ар бир гектарына 6 мин сомдой каражат сарптадым, 2 тоннадан түшүм алууну пландап жатам. Эгерде аны 60-70 сомдон сатсам, анда кетирген чыгым акталат эле», - дейт ал.

«Жал Арык» СПАсынын жетекчиси Куттубек Өскөнбаевдин айтымында, быйыл сугат суусу жетиштүү болду.

«Жергиликтүү суу чарба кызматкерлери тарабынан ички арыктар жана чоң каналдар тазаланып, үлүш жерлерге барчу жолдор да өз убагында оңдоп-түзөөдөн өтүп, сугат жагынан дыйкандар кыйналган жок», - дейт К.Өскөнбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×