Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 15.08.2015 13:08

Айыл турмушу: Кара-көлдүк жеке ишкер 15 жылдан бери шишкебек бышыруучу жай иштетип, сезондо 800 миң сом киреше табат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну, жеке ишкер Таалай Култаев шишкебек бышыруучу жай ачып, 15 жылдан бери үй-бүлөлүк бизнесин ийгиликтүү улантып келет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Т.Култаевдин айтымында, ал айлык акынын аздыгынан Токтогул ГЭСиндеги электрик жумушунан баш тарткан.

«Алгач кароосуз калып, сазга жана таштандыга толгон жерди өздөштүрдүк. Көптөгөн мээнет менен сазды сордуруп, жерге шагыл төгүп, таштандыдан арылттык. Андан кийин шишкебек бышыруучу жай ачтык. Күнүгө шаардын жашоочулары ушул жерге келип, эс алып кетишет. Ал тургай үйлөрүнө келген конокторун алып келишип, шишкебек менен сыйлашат», - дейт ал.

Ал кошумчалагандай, шишкебек сатуунун сезону май айынан сентябрь айына чейин созулат. Бир сезондо 800 миң сомго чейин киреше табат.

Мындан тышкары, 8 адамды жумуш менен камсыз кылып, аларга тиешелүү айлык акы төлөп берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×