Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Талас облусуКара-Буура району 15.08.2015 12:29

Айыл турмушу: Кара-Буурадагы бокс боюнча машыктыруучу быйыл 1 гектарга бадыраң айдап, 6 тонна түшүм алды (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунда жаш спортчуларды бокс менен машыктырган Алымбек уулу Мурат өз кесибин аркалагандан тышкары, дыйканчылык менен алектенип, кошумча киреше табат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Алымбек уулу Мураттын айтымында, быйыл ал бадыраң өстүрүүнү колго алган.

«Өлкө расмий түрдө Бажы биримдигине кирген соң, чек аралар ачылып, дыйкандарга өндүргөн продукцияларды коңшу Казакстанга сатып өткөрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Аталган мамлекетте айыл чарбасы жокко эсе болгон соң, биз өстүргөн айыл чарба азыктарына өтө муктаж. Андыктан помидор, бадыраң, алма өрүк, алча, картошка, сабиз өндүү жашылча-жемиштердин аянттарын кеңейтүү зарыл», - дейт ал.

Ал 1 гектар жерди ижарага алып, ага бадыраң өстүргөндүгүн айтып, аны талаадан эле соодагерлер 10 сомдон 15 сомго чейин алып жатышкандыгын жана бүгүнкү күнгө чейин 6 тонна түшүм алгандыгын белгиледи.

«Орточо эсеп менен бадыраңды 10 сомдон сатып, 60 миң сомдой каражат табууга үлгүрдүм. Сууну көп талап кылган бадыраңды сугарууда былтыркыдай кыйынчылык болгон жок», - дейт ал.

Мындан тышкары, Мурат Алымбек уулу кийинки жылдары жашылча-жемиштердин аянттарын кеңейтүүнү пландаштырууда. Анткени, ар бир айыл чарба өсүмдүгүнө болгон суроо талапты, анын базардагы баасын жана сатып өткөрүү маселесин терең изилдеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×