Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусуЖумгал району 15.08.2015 12:15

Айыл турмушу: Жумгалдагы пескоблок чыгарган цехтин жумушчулары тапшырыктардын көптүгүнөн эс алуусуз иштөөнү улантууда (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында «Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү» программасынын негизинде ачылган пескоблок чыгаруучу цех ишмердүүлүгүн ийгиликтүү улантууда.

Маалыматка ылайык, аталган программа БУУнун өнүктүрүү программасы менен Россиянын Өкмөтү тарабынан каржыланат.

Бул долбоордун жалпы суммасы 708 миң сомду түзүп, анын ичинен өздүк салым 215 миң 440 сомго жетет. Учурда аталган цехте 6 адам эмгектенүү менен күнүнө ар кандай түстөгү 700 даана пескоблок чыгарылат.

Цехтин жетекчиси Руслан Тажиевдин айтымында, кардарлардын көпчүлүгү кызыл өңдөгү пескоблоктору тандайт.

«Цехтин иштеп баштаганына 4 ай болду. Бул убакыт ичинде коптогон тапшырыктар түшүп, эс алуусуз иштеп жатабыз. Тапшырыктар райондун бардык жагынан келет. Тапшырыктардан тышкары сатыкка да чыгарабыз.

Пескоблок кызыл кум менен кадимки кум аралаштырылып, цемент, суу кошулуп жасалат.

Кызыл кумду карьерден алсак, кадимки кум Долондон алынат. Ал эми түстүү пескоблок алуу үчүн атайын чыгарылган боек кошуп жасайбыз. Боектун 1кг салмагы 150 сом турат», - деди ишкер.

Белгилүү болгондой, бир даана пескоблокко 70 гр боек кошулат. Райондо пескоблоктун баасы Бишкек шаарына салыштырмалуу 1-2 сомго кымбат.

«Мисалы, боз түстөгү жөнөкөй пескоблок 29 сом турса, түстүүсү 40 сом турат. Ал эми мамычанын (тумба) 1 даанасы 45 сом турса, түстүүсү 45 сомдон турат», - деп кошумчалады Р.Тажиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×