Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуАксы району 15.08.2015 10:27

Айыл турмушу: Аксылык пенсионер 10 жылдан бери кожогат өстүрүп, 100 миң сомго чейин киреше табат (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Өлөң-Булак айылынын тургуну Турсунбек Орозалиевдин үй-бүлөсү 10 жылдан бери кожогат өстүрүү менен алектенет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Т.Орозалиевдин айтымында, алгач ал 10 даана көчөт өстүрүп баштаган. Учурда 10 сотых аянтка өстүрүүдө. Жылдык кирешеси 100 миң сомго чейин жетет. Бир чака кожогатты 600 сомдон сатышат.

«Кожогат кар түшкөнгө чейин быша берет. Пенсияны карап олтурбай, кожогат сатуу менен да киреше табабыз. Мурда кожогаттын ордунда алма бактарды өстүрчүбүз, бирок, алма сатуудан мынчалык киреше алчу эмеспиз», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×