Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуКара-Суу району 14.08.2015 18:07

Айыл турмушу: Кара-Суу районунун тургуну 2 гектар жерге шыпыргы эгип сатуу менен жылына 500 миң сомго чейин киреше табат (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун 60 жаштагы тургуну Абдулкасым Батыров 30 жылдан бери шыпыргы жасап сатып, жылына 500 миң сомго чейин пайда табат. Ал бул иштин бардык сырларын жакшы өздөштүргөн. Шыпыргы өстүрүү көп эмгекти талап кыла тургандыгын Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

«Мен 30 жылдан бери шыпыргы эгип тиричилик кылам. Бул жылдын ичинде шыпыргы эгүүнүн бардык сырларын үйрөндүм. Ар жылы апрель айында шыпыргы эгилип, сентябрга чейин орулат. Оруп, үйгө алып келген соң иши көбөйөт. Жалбырагын тазалап, уругун терип алуу керек. Ошондуктан үй-бүлөм, неберелерим да жардам беришет. Тазалоо иштери бүткөн соң шыпыргыларды жасап, даярларын базарга алып чыгып сатам. Бул иш түйшүктүү болсо да, мен үчүн кызык. Ошондуктан шыпыргы өстүрүп эс алгандай болом», - деди А.Батыров.

Жылына 2 гектар жерге шыпыргы эгип, 500 миң сомдон жогору киреше тапкан Батыров быйылкы жылы да көп пайда табууну пландоодо. Ал белгилегендей, шыпыргылардын баасы сапатынан көз каранды болот.

«Мен жылына 2 гектар жерге шыпыргы эгип, 5 миң шыпыргы жасап, кышында сатам. Бир жылда 500 миң сом капчыгыма кошом. 2 гектар жердеги шыпыргыдан 3 тонна урук алынат. Уруктун 1 килограммы 10 сомдон сатылат. Шыпыргынын ак, кызыл түрлөрү болот. Көбүнчө элдер кызыл шыпыргыны сатып алышат. Сапатына жараша шыпыргылардын баасы да ар кандай болот. 100 сомдон 150 сомго чейин, ал эми орточо баасы 120-130 сомду түзөт», - деди А.Батыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×