Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусу, Талас 14.08.2015 16:57

Айыл турмушу: Талас шаарында бөдөнө, эчки багып, мөмө-жемиш өстүрүп, ар тараптан киреше тапкан тургун ишкерлик сырлары менен бөлүштү (фото)

Turmush -  Талас шаарынын тургуну Таалай Асанов үйүндө бөдөнө багып, анын жумурткасын сатуу менен киреше табат. Бөдөнө багуу башка канаттууларга караганда жеңил жана кирешелүү, деп билдирет ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде.

Анын айтымында, бөдөнөлөрдү мындан 2 жыл мурун Бишкек шаарынан алып келген. Азыркы тапта ал кытай, жапон, англис, латвия тукумундагы, эт жана жумуртка багытындагы 500 бөдөнөнү багат.

«Бөдөнө багылуучу жайда алар үчүн керектүү шарттар түзүлгөн. Бөдөнө таза суу ичет, андыктан суусун улам-улам алмаштырып туруу кажет. Мындан сырткары, алар жайгашкан жердин температурасын көзөмөлдөп туруу керек. Үйгө келген алуучуларга бир жумуртканы 5 сомдон сатам. Азыр базарда бөдөнөнүн жумурткасы 7-8 сомго бааланууда.

Бөдөнөнүн жумурткасы диеталык азык болгондуктан, адамдын организминдеги иммунитетти бир калыпта кармап турууга шарт түзөт. Жумуртка аркылуу илдеттин жугуп калуу коркунучу жок болгондуктан аны чийки боюнча да ичсе болот. Ошондой эле бөдөнөнүн жумурткасы адамдын эс тутумун калыбына келтирип, тиштин жана чачтын түшүүсүнүн алдын алат», - деди Т.Асанов.

Т.Асанов 20 жылдан ашык мал дарыгери болуп эмгектенген. Учурда Талас шаарында ветеринардык дарыкана иштетет.

«Мен көп тармакты айкалыштырып алып жүрүүнү жактырам. Бөдөнөдөн сырткары көп жылдан бери эчки багам. Анын сүтүн үйдө тамак-ашка кенен колдонобуз. Калганын базарга алып чыгып сатабыз. Дыйканчылыкка да кош көңүл карабайм. Короого мөмө-жемиштердин түрүн өстүрөм», - деп кошумчалады Т.Асанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×