Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 14.08.2015 16:35

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну буюртма алып, кышкы салаттын түрлөрүн жана кыздын себин жасайт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын Кошумкүл аттуу тургуну буюртма алып, кышкы салаттын түрлөрүн жана кыздын себин жасайт, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жергиликтүү тургундун айтымында, акыркы 4 жылдан бери кыздардын себин даярдап келет.

«Бир төшөктү 500 сомго даярдайм. Эгер буюртма берген адам бүтүндөй керектүү материалдарын алып берсе, тиккен кызматыма 200 сом алам. Орточо эсеп менен ар бир буюртмадан 2200 сомдой киреше табам», - дейт ал.

Мындан тышкары, ал кышкы салаттын түрүн жасайт.

«Көбүнчө баклажандан жасалган салаттардын түрлөрүнө буюртмалар көп түшөт. Кышкы салаттарды таттуу, даамдуу кылып жасаганга аракет кылам. Салатка керектелүүчү жашылчанын баарын өздөрү алып беришет. Маселен, бадыраңды туздоодо 5 литр банкага 50 сомдон, ал эми 1 литрине 25 сомдон акы алам. Ал эми салаттын 1 литрин 25 сомдон жасап берем. Андан 1500-2000 сомго чейин пайда көрөм. Жыл сайын буюртма берген кардарлардын саны көбөйүүдө», - дейт ал.

Мындан тышкары, ал кондитердик таттуулардын түрүн жасап, короосуна гүлдөрдүн түрүн өстүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×