Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуАлай району 14.08.2015 16:29

Айыл турмушу: Алайлык уста бардык тетиктерин өзү жасап чыккан тегирменин сатыкка койду (фото, видео)

Turmush -  Оштун Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну Капар Абылдаев өз колу менен ар кандай жабдууларды жасап келет. Өзүнүн жасаган эмгектерин Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып берди.

«Мен жаш кезимден эле жаңы буюмдарды ойлоп табууга кызыгам. Өзүм сүрөтчүмүн. Көп жыл сүрөтчү болуп иштедим. Бир адамдын портретин 30 мүнөткө жетпеген убакытта тартам. Тарткан сүрөттөрүмдү толугу менен белекке тараткам. Убакыттын өтүшү менен жаңы буюмдарды жаратууга кызыгуум артып баштады.

Биздин айылда элдин көпчүлүгү мал чарбасы менен алектенет. Биздин айылда тегирменге жүгөрү, буудай тарттыруу абдан көйгөйлүү маселе эле. Эки-үч күн кезекке туруп, анан тарттыраар элек. Андан улам үйдө олтуруп жаңы тегирмен жасоону ойлодум.

Тегирменди жасоо үчүн алгач анын схемасын түздүм. Тегирмендин эң керектүү тетиги болгон моторду базардан сатып алдым. Калган тетиктерин өзүм жасадым. Бир тегирменди жасоо үчүн 20 күн убакыт кетти. Бул тегирмендин башка тегирменден айырмачылыгы токту өтө аз жегенинде. Азыр айылдын жүгөрүлөрүн биздин тегирмен менен тартып беребиз. Дагы бир өзгөчөлүгү — тегирменди 24 саат бою иштетүүгө болот. Ысып кетпейт, ичинде атайын шамалдаткыч орнотулган. Тартылган жүгөрү экиге бөлүнүп, бозого жана мал-жандыктардын жемине ылайыкталып чыгат. Эгерде тегирмендерди сата турган болсом, 35-40 миң сомго сатам», - деди Г.Абдылдаев.

Учурда экинчи тегирменин жасап жаткандыгын кошумчалады.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×