Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 14.08.2015 09:49

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн Жазы-Кечүү айылында биринчи жолу тигүүчү цех ачылып, айымдар жумуш менен камсыз болушту (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү айылынын тургуну Үмүткан Турускулова жеке тигүүчү цехин ачып, учурда жергиликтүү 6 айымды жумуш менен камсыз кылды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ү.Турускулованын айтымында, ал 15 жылдан бери тигүүчүлүк менен алектенет.

«Бишкек шаарында тигүүчү цех ачып, көп жыл иштедим. Эми кичи мекениме ачууну туура көрдүм. Айылдагы кыз, келиндерди жумушка алуу менен бул ишти баштадым. Айлык акыларын иштегендерине жараша 10 күндө бир алып турушат. Учурда окуучуларга мектеп формасын тигип жатабыз. Мындан тышкары, кыздын себине буюртмаларды алып, айымдардын саркеч кийимдерин да тигебиз», - дейт ал.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, буга чейин Жазы-Кечүү айылында тигүүчү цех болгон эмес.

Белгилей кетсек, Жазы-Кечүү айыл өкмөтүндө 320 кожолук,1880 киши жашайт. Бул айыл өкмөтүнө Көк-Бел, Оот жана Жылаңач-Булак айылдары кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×