Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуКара-Суу району 14.08.2015 08:34

Айыл турмушу: Кара-суулук А.Кочкорова 25 жылдан бери куруттун ар кандай түрлөрүн жасап сатуу менен киреше табууда (фото)

Turmush -  Ош облусундагы Кара-Суу районунун тургуну Айымкан Кочкорова 25 жылдан бери үйүндө курут жасап сатуу менен киреше табат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Курутту жасап кургатуу деле бир топ түйшүктү талап кылат, дейт ал.

«Мен 1994-жылдан бери курут жасап, курут жасоонун сырын жакшы билип калдым. Курутту даярдап сатыкка чыгарганга чейин көп эмгек кылабыз. Алгач сүзмөнү айылдардан алдырып, ар кандай формада жасап, кургатабыз. Куруттун эзме курут, калемпир курут, каймактуу курут, жөнөкөй курут деген түрлөрүн жасайм. Үй-бүлөмдү бир топ жылдан бери куруттун арты менен багып келе жатам», - деди А.Кочкорова.

Куруттар да көлөмүнө жараша ар кандай баада болот. Калемпир кошулмасы бар куруттардын Россияга дарылыкка сатылып жаткандыгын кошумчалады.

«Куруттар чекене баада 3 сомдон баштап, 25-30 сомго чейин сатылат. Ал эми 1 килограмм эзме курутту 180-200 сомдон сатабыз. Калемпир курутту көбүнчө Россияга кетип жаткандар алышат, анткени суукта пайдалуу болот.

Курут сатып көп акча тапканга болбойт, бул иш менен күнүмдүк пайда көрөбүз. Соода да жылдан-жылга солгундоодо. Айрым учурларда күнүмдүк тамак-ашка да акчабыз жок калат», - деп кошумчалады Айымкан Кочкорова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×