Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуТүп району 13.08.2015 16:15

Айыл турмушу: Түп районунун тургуну С.Борончиева кышында жүндөн сувенирлерди жасап, жайында туристтерге сатат (фото)

Turmush -  Жүндөн эстелик буюмдарын жасаган Түп районунун тургуну Сонун Борончиеванын эмгегине суроо талап арбын.

Ал Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, 20 жылдан бери кол өнөрчүлүктү аздектеп, кыргыз колоритиндеги оймолуу жер төшөктөрдү, эстелик буюмдарын жасайт. Ишкер айым буюмдарды кыш мезгилинде жасап даярдап, жайында аларды сатат.

Сувенирлердин баасы 100 сомдон 1000 сомго чейин бааланат. Андан сырткары, ишкер айым айылдагы 35 мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап келет. Чет элдик уюмдарга долбоор жазып, жыл башынан бери 8 долбоорду ишке ашырган. Сонун айымдын жасаган эмгектери өзгөчө чет элдик эс алуучулар тарабынан суроо-талапка ээ.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×