Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусу 13.08.2015 15:33

Айыл турмушу: Саяпкерликтин сырларын атасынан үйрөнгөн Бакай-Атанын тургуну жылкы багуудан рахат алат (фото)

Turmush -  Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын тургуну Улук Арстанбек уулу бир нече жылдан бери саяпкерлик менен алектенет. Бул өнөр мага атамдан өткөн, дейт ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде.

Анын айтымында, Советтер Союзу тараган кезде колхоздун сарайынын бир бөлүгүн ошол кездеги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп, бөлдүрүп алган. Азыркы тапта «Кундуз» деген аталыштагы жеке дыйкан чарба катары түптөлүп, анда жылкы таптап, көлмөдө балык багат.

«Жылкы абдан сезимтал жандык. Ошондуктан ар бир берилген жем-чөбүнө маани берем. Аттарды маалы менен бастырып турбаса басыгын жоготуп коет. Жылкы багуу мага рахат тартуулайт. Ал эми балык өстүргөн көлмөнүн аянты 100 гектарды түзөт. Анда балыктын 3 түрү багылат», - деди У.Арстанбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×