Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуБакай-Ата району 13.08.2015 15:01

Айыл турмушу: Бакай-Атада төө бурчак жылдагыдан эрте бышып, дыйкандар түшүмүн жыйнай баштады (фото)

Turmush -  Талас облусунун Бакай-Ата районунда төө бурчак жылдагыдан эрте бышып, аны жыйноо иштери башталды.

Жергиликтүү тургундар маалымдагандай, быйыл жаз эрте келип, дыйкандар аны утурлай эле эгин талааларын айдай баштаган. Жаз мезгилинде жамгыр көп жаап, жайкысын аба ырайы ысык болгондуктан төө бурчактын сапаты да, түшүмдүүлүгү да жакшы болду.

«Быйыл дыйкандар үчүн жакшы жыл болду. Төө бурчактан тышкары жүгөрү, көп жылдык тоют чөптөрдүн да сапаты мыкты. Биздин өрөөндө акыркы жылдары жүгөрү дээрлик айдалбай калган. Бирок, өткөн жылы төө бурчактын баасы түшүп, быйыл көпчүлүк дыйкандар жүгөрү айдашты. Экөө тең түшүмдү жакшы берди. Бул жылы алардын баасы кандай болот убакыт көрсөтөт», - деди Миң-Булак айылынын тургуну Замирбек Токторалиев.

Анын айтымында, быйыл беде менен эспарцеттин баасы арзан. Өткөн жылы 1 боо чөп 200-250 сомдон бааланса, быйыл 80-100 сомго бааланууда.

«Быйыл 2 гектар жерге тоо буурчак айдадым. Азыркы тапта жубайым экөөбүз түшүмүн жыйнап жатабыз. Негизи төө бурчак терип иштегендер бар, түшкө чейин иштегени үчүн 1 киши 200-300 сом алат. Алардын түшкү тамагын даярдаш керек. 2 гектар жер үчүн 10-15 киши жалдайсың. Ошентип отуруп 5000 сомдун тегерегинде акча керек болот. Жубайым менен кеңешип өзүбүз эле жыйноону чечтик. Быйыл да өткөн жылдагыдай төө бурчакты арзан алышса чыгымга учурап калабыз», - деп кошумчалады З.Токторалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×