Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусуАк-Талаа району 13.08.2015 14:34

Айыл турмушу: Ак-талаалык чабан жайлоодо жергиликтүүлөрдүн мал-жандыктарын багуу менен балдарын окутуп, бюджетин толуктайт (фото)

Turmush -  Нарындагы Ак-Талаа районунун Ала-Таш айылынын тургуну Мирлан Шаршенов жаз келээри менен жергиликтүүлөрдүн мал-жандыктарын алып, Соң-Көл жайлоосуна көчүп кетет. Мал-жандыктарды акысына багып, андан түшкөн киреше менен балдарын жаңы окуу жылына даярдайт. Үй-бүлөлүк киреше да ушул жол менен тоулкталат.

М.Шаршенов быйыл жайлоого жалпы 710 кой менен чыккандыгын Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди. Анын арасында өзүнүн да койлору бар. Акча каражаты керек болгондо кой, эчки сатып керектейт.

«Элдин малынан сырткары өзүмдүн кой, эчкилерим бар. Оштон бери келип мал алып кетишет. Жакында эле 10 эчки саттым. Ошондой эле койлор Соң-Көл жайлоосунда майрам же той сыяктуу иш-чаралар болгондо сатылат. Бул жакта малдын баасы башка жакка салыштырмалуу арзан», - деди М.Шаршенов.

Быйылкы жыл жаанчыл болуп, бир нече күндөн бери карышкыр күч алып жатканын кошумчалады.

«Башка жылдары бул учурда жайыттардын чөптөрү күйүп, саргарып кетчү. Быйыл жаанчыл болуп, чөптөр жашыл бойдон турат. Бирок карышкыр күч алууда. Төрт күн мурун эки тайымды карышкырга жедирип жибердим», - деди ал.

М.Шаршенов мындан сырткары Соң-Көл жайлоосуна келген турист, конокторду тосуп, аларга тейлөө кызматын көрсөтөт.

«Кечээ эле германиялык туристтер келип түшкү тамак ичип кетишти. Буга чейин 100гө чукул туристти кабыл алдым. Ал эми кыргыздар келсе бекер эле ашымды берип, жакшы узатып жиберем», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×