Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Талас облусуБакай-Ата району 13.08.2015 13:54

Айыл турмушу: Бакай-Ата районунун 21 жаштагы тургуну ылайдан кыш куюп, жай мезгили ичинде 150 миң сомго чейин киреше табат

Turmush -  Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын 21 жаштагы тургуну Улан Абдыжапар уулу ылайдан кыш куюуну өзүнүн кесиби катары көрөт. Мындай оюн ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Уландын айтымында,  жай мезгили ичинде ал 50 миң даана кыш куят. Бул жумуш менен 16 жашынан бери алектенгендиктен бир топ тажрыйба топтоп алган.

«Ар бир кыш 3 сомго бааланат, кардар өзү топурагын даярдап берет. Буюртмага жараша, кардар үйдүн короосунда куйдурса үйдө, болбосо талаада куя берем. Алгач иштеп баштаганда мен үчүн бул жумуш кыйын болчу, азыр көнүп калдым. Май айынын аягынан тартып суук түшкөнчө иштей берем. Мен болгону куюп берем. Жаан-чачынга калганына жооп бербейм, кардар өзү аны жаандан корголоп алат», - деди У.Абдыжапар уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×