Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуТүп району 13.08.2015 13:24

Айыл турмушу: Түптүн Михайловка айылынын тургуну С.Чолумканов күнөсканага тиккен бадыраңдан эки ирет түшүм алып, кышка чейин ашкөк өстүрөт (фото)

Turmush -  Жаз айында күнөскана куруп, иш баштаган Түп районунун Михайловка айылынын тургуну Самакбай Чолумканов эки ирет түшүм алат. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Элеттик дыйкан чет элдик демөөрчүлөрдүн жардамы менен жаз айында узуну 17, туурасы 6 метрди түзгөн күнөскана курган. Ал жерден эки күндө бир 30 кг бадыраң жыйнап алат.

Анын айтымында, алгачкы түшүмүн 30 сомдон сатса, азыркы тапта 1 кг бадыраңды 5 сомдон өткөрөт. Айылда суу системасынын жоктугу көйгөй жаратып келет. Бирок ага карабастан күнүгө суу ташып, сугарат. Ошондой эле, тегерегине гүл, балаты тигип, учурда дыйкан бадыраңдын экинчи түшүмүн алууга кам көрүүдө. Бадыраңдарды жыйнап алган соң көк чөп отургузуп, январь айына чейин түшүм алууну максат кылууда.

С.Чолумканов учурда чарбагындагы алмуруттун түшүмү да мол экендигин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×