Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуТалас району 13.08.2015 12:55

Айыл турмушу: Таластын тургуну Б.Изагалиев «дакан» короздорун багып, байгеси 100 миң сомго жеткен мелдештерге катыштырат (фото)

Turmush -  Талас районунун Калба айыл аймагынын Атай Огомбаев айылынын тургуну Бийгазы Изагалиев 10 жылдан бери «дакан» породасындагы короздорду багып келет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Б.Изагалиевдин айтымында, учурда ал 20дай «дакан» короз, тоокторду багып, аларды уруштуруу багытында көбөйтүүдө.

«Короз уруштурууда байгелер 10 миң сомдон 100 миң сомго чейин жетет. Талас облусунда «дакан» породасындагы короздорду баккан 500гө жакын адам бар. Алар атайын ринг жасашып, 12 таймга чейин 3 мүнөттөн кызыктуу таймаш өткөрүшөт», - дейт Б.Изагалиев.

Ал, короздорду Кытай, Индия жана Өзбекстан, Казакстандан буйрутманын негизинде алдырып, чоң мелдешке даярдай тургандыгын белгиледи.

«Мелдешке катышкан короздор такай байгелүү орундарга ээ болуп турушат. Мындан тышкары, тоокторду атайын өзүнчө торго салып, учурда жумуртка бастырып, «дакан» тоокторун көбөйтүүгө аракет кылуудабыз», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×