Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуТоктогул району 13.08.2015 10:37

Айыл турмушу: Токтогулдун тургуну Т.Урматаев 0,5 гектарга «голландия» сортундагы дарбыз айдап, 12 тонна түшүм алды (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Кызыл-Ураан айылынын тургуну Тагай Урматаев быйыл 0,5 гектар жерге «голландия» сортундагы дарбыз айдап, 12 тонна түшүм алды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Т.Урматаевдин айтымында, учурда жыйнаган түшүмүн ал айыл тургундарына сатууда.

«Быйылкы жылы жакшы түшүм алдым. Дарбыздын эң чоңунун салмагы 20 килограммдан ашык болду. Учурда дарбыздын 1 килограммын 8 сомдон сатуудамын. Кийинки жылы дагы дарбыздын аянтын көбөйтүүнү пландап жатам», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×