Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуТоктогул району 13.08.2015 10:20

Айыл турмушу: Токтогулдагы тойканалардын биринде официанттар конокторго «Жалын бийин» бийлеп беришет (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы тойканалардын биринде официанттар конокторго «Жалын бийин» бийлеп беришет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Тойкананын ээси билдиргендей, быйыл алар кардарлар үчүн өзгөчө шарт түзүшкөн.

«Тойканада кызмат кылган официанттарды кыргыз орнаменттери менен тигилген бирдиктүү кийимдер менен камсыздадык. Той учурунда сапаттуу кызмат көрсөтүү менен алар кыргыздын улуттук бийи болгон «Жалын бийин» да бийлеп беришет. Тойго келгендер үчүн бул жагымдуу болууда. Бул кызматыбыз үчүн эч кандай акы албайбыз», - дейт тойкананын ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×