Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуТүп району 12.08.2015 16:47

Айыл турмушу: Түп районунда кыз-келиндер сүттөн даярдалган 15 түрдүү азык сатууда (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Түп районунда эмгек, миграция жана жаштар бөлүмү атайын долбоор аркылуу 5 айылдагы кыз-келиндерден 2 тайпа түзүп, үй шартында сүттү иштетүү боюнча окутуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн кызматкерлери Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдашты.

Бөлүмдөн маалым болгондой, жалпысынан 75 кыз-келин сүт азыктарын даярдоо боюнча окуудан өттү.

«Бул долбоор үйдө отурган элеттик аялдарга сүттү арзан сатып жибербей, андан акча каражатын табуунун жолун үйрөтөт. Эми бул багытта окугандар сүттөн 15 түрдүү азык чыгарып жатышат. Даярдаган азыктарын райондогу дүкөндөргө гана койбостон, туристтик сезон кызуу жүрүп жаткан Чолпон-Ата шаарына да жөнөтүүдө», - деди Түп райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Дамира Райымбекова.

«Биз буга чейин сүттү арзан эле сатып жиберчүбүз. Азыр андан быштак, сыр, курут жана башка азыктарды жасап сатуудабыз. 2 тайпадан турган 15 кыз-келин Чолпон-Ата шаарындагы эс алуу жайлары менен келишим түзүп, үй шартында жасалган таза азыктарды жөнөтүп жатабыз», - деди Түп районунун тургуну Динара Бейшембиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×