Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуТүп району 12.08.2015 16:45

Айыл турмушу: Түптүн тургуну К.Саркобенов ишкердикти 5 га жерден баштап, учурда 300 га жерди иштетет (фото)

Turmush -  Түп айылынын тургуну Кубан Саркобенов кылкандуу дан эгиндеринен 60 центнерден түшүм алууда. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Элеттик иштерман 1994-жылы 5 гектар жер алып иш баштаса, азыркы тапта 220 гектар жерге кылкандуу дан эгиндерин эгет. Андан сырткары, 80 гектар жер тилкесинде көп жылдык чөп өстүрөт.

«Биз дыйкан чарбаны 1994-жылы баштап, 2000-жылы мамлекетке кайрылуу менен «Элдияр» үрөөнчүлүк чарбасын түзгөнбүз. Учурда 300 гектар жерге дан эгиндерин жана тоютка чөп өстүрөбүз. Анын негизинде калкка үрөөндүн 70%ы берилет», - деп белгиледи ал.

Азыркы тапта үрөөнчүлүк чарбада 20га жакын айыл чарбасына тиешелуу баардык шаймандары менен техникалар алынып, 10 кызматкер эмгектенет.

К.Саркобеновдун айтымында, азыркы тапта «Жаным», «Гелвес» үрөөндөрү өстүрүлөт. Ошондой эле, 7 жылдык насыя алып, 5 жаңы техника менен камсыз болушкан. Учурда үрөөнү чет өлкөлөрдөн алынып келинген арпадан 60 центнерден түшүм алууда.

Өз ишин жакшы түшүнгөн ишкер: «Мамлекет айыл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурса», - деген пикирин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×